Бишкекте автоунаалар эми электр энергиясы менен жүрөбү?
Экономика жана каржы министрлиги менен Кыргызстандагы Бириккен Улуттар Уюмунун өкүлчүлүгү борбор калаада электр энергиясы менен жүрүүчү автоунааларды колдонуу маселесин талкуулап жыйын өткөрүштү. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Бишкектеги транспорттук каражаттарды электр энергиясына өткөрүүгө Бириккен Улуттар Уюмунун Өнүктүрүү программасы көмөктөшөт.
Ошондой эле жыйында борбор калаада автоунаалардын дээрлик баары дизелдик май менен жүргөндүктөн абага түтүндүн зыян заттардын кошулуусуна 28 пайызды транспорт каражаттар түзөрү айтылып, маселени чечүү жолдору талкууланган.