SerepTV Logo

Бишкекте ат спорту боюнча ачык чемпионат өтөт

Бишкекте ат спорту боюнча ачык чемпионат өтөт
2-3-октябрда "Күлүк" олимпиадалык резервинин адистештирилген балдар жана өспүрүмдөр мектебинде балдар, жаштар жана чоңдор арасында ат оюндарынын ачык чемпионаты өткөрүлөт. Бул тууралуу мэриядан билдиришти. Чемпионаттын ачылышы 2-октябрда саат 10:00дө башталат. Мелдешке 50дөн ашык спортчу катышат. 10 жаштан улуу балдарга, жаштарга жана чоңдорго катышууга уруксат берилет. "Спорттук иш-чараны  Бишкек шаарынын мэриясынын дене тарбия жана спорт башкармалыгы жана Кыргызстандын ат спорту федерациясы уюштурууда. Иш-чара биздин өлкөдө ат спортун популяризациялоо жана өнүктүрүү, спорттук чеберчиликти жогорулатуу жана күчтүү ат спортчуларын аныктоо максатында өткөрүлүүдө",- деп айтылат маалыматта.