SerepTV Logo

Бишкекте "AstraZeneca" вакцинасын кайсы жерлерден алууга болот? Даректер

Бишкекте "AstraZeneca" вакцинасын кайсы жерлерден алууга болот? Даректер
22-июлдан баштап COVID-19га каршы "AstraZeneca" вакцинасы менен эмдөө башталган. Бул вакцинаны Бишкек шаарындагы №2,3,5,7,15 Үй-бүлөлүк медициналык борборлорунан жана студенттердин эмканасынан алууга болот. Эмдөөнү жашы 18 жаштан жогору каалаган жарандар эки доза менен ала алышат. Биринчи менен экинчи дозаны алуу убактысы 4-12 күндү түзөт.  Региондордо AstraZeneca вакцинасын алдыдагы жумадан баштап алууга болот, учурда вакцинаны жеткирүү иштери жүрүп жатат. Региондор боюнча бөлүштүрүү планы: Бишкек шаары – 10 миң доза; Ош шаары – 2 миң доза; Чүй облусу – 10 миң доза; Жалал-Абад облусу – 4 миң доза; Ысык-Көл облусу – 4 миң доза; Нарын облусу – 2 миң доза; Талас облусу – 2 миң доза; Баткен облусу – 2 миң доза; Ош облусу – 4 миң доза. 16-июль күнү Азербайджан Республикасы AstraZeneca вакцинасынын 40 миң дозасын гуманитардык жардам катары берген.