Бишкекте аскер бөлүгүндөгү 11 жоокерден кургак учук аныкталды
Бишкекте Куралдуу күчтөрдүн абадан коргонуу күчтөрүнүн 11 жоокеринен кургак учук оорусу аныкталып, дарыланууда. Бул тууралуу Коргоо министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда, учурда аскер кызматкерлери Шаардык кургак учукка каршы ооруканада дарыланып жатышат. Коргонуу боюнча мамлекеттик комитетинин аскерий-медициналык башкармалыгы эпидемиологиялык иликтөө жүргүзүп, оорунун очогун табышты.
"Учурда эпидемиологиялык абал туруктуу. Аскер бөлүктөрүндөгү кызматкерлер, аскерлер рентген текшерүүдөн өтүштү. Оорунун жайылуусуна жооптуулар боюнча кызматтык иликтөө башталды. Жагдай Коргоо министрлигинин жана Башкы штабдын жетекчилигинин катуу көзөмөлүнө алынды", - дешти министрликтен.