SerepTV Logo

Бишкекте Арууке Асамбаева менен Адия Кылычбекова дайынсыз болуп жатат

Бишкекте Арууке Асамбаева менен Адия Кылычбекова дайынсыз болуп жатат
Бишкекте Арууке Асамбаева менен Адия Кылычбекова дайынсыз болуп изделип жатат. Бул тууралуу Ленин РИИБден билдиришти. Маалыматка караганда, 15-мартта Ленин РИИБге жаран кайрылып, 2008-жылы туулган Арууке Асамбаева менен 2010-жылы туулган Адия Кылычбекова ошол эле күнү Астраханская көчөсүндө жайгашкан Балдарды коргоо борборунан качып кеткенин жана ушул күнгө чейин дайынсыз болуп жатканын билдирген.  Кимде-ким сүрөттөгү жарандарды көргөн болсо, 0(312) 35 29 47, 0(312) 35 26 05, 0 705 307 703, 0 701 644 403 номурларына чалсаңар болот. [gallery link="file" columns="1" size="full" jnewsslider="true" ids="278107,278108"]