Бишкекте алты бала бакча карантинге жабылды
Алты муниципалдык бала бакчада коронавирустук инфекция жуккан учурлар аныкталды, алар карантинге жабылды. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.
"Дагы он тогуз бала бакча оңдоп-түзөөгө жабылды, алар жаңы окуу жылына даярдалууда. Калган мектепке чейинки билим берүү уюмдары кадимки режимде иштешет. Бирок ал имараттарды да жаңы окуу жылына даярдоо үчүн кезеги менен жабылат",- деп айтылат маалыматта.