SerepTV Logo

Бишкекте акын Зайырбек Ажыматовдун элесине арналган спектакль өтөт

Бишкекте акын Зайырбек Ажыматовдун элесине арналган спектакль өтөт
Бишкекте акын, журналист, Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер Зайырбек Ажыматовдун элесине арналган спектакль өтөт. Бул тууралуу уюштуруучулар кабарлашты. Иш-чара 17-18-март күндөрү Чыңгыз Айтматов атындагы орус драма театрында болот. Спектакль саат 18:00дө башталат. Зайырбек Ажыматов 2020-жылдын 29-апрелинде 44 жашында көз жумган. Ал "Жалгыздык", "Мелмил", "Нөлү көп жылдар", "Жүрөктөгү бороон" ыр жыйнактарынын автору. Журналистикадагы эмгек жолун 1998-жылы "Асаба" гезитинен баштаган. Андан кийин "Кыргыз Туусу", "Бишкек таймс" гезиттеринде, КТРКнын радио тармагында жана "Азаттык" радиосунда иштеген.
Unknown Author