SerepTV Logo

Бишкекте айыл-чарба жарманкелери өтүп жатат

Бишкекте айыл-чарба жарманкелери өтүп жатат
Бүгүн, 20-февралда борбор калаанын төрт районунда тең айыл-чарба жарманкелери өтүп жатат. Бул тууралуу Айыл-чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, жарманкелерде 53 компания жана 61 фермердик чарбанын товарлары демейдегиден арзан баада сатылат. Бул жарманкелердин негизги максаты калкты азык-түлүктүн негизги түрү менен жетиштүү көлөмдө жана арзан баада камсыздоо болуп саналат. Жарманкелердин даректери:
  • Биринчи Май районундагы жарманке Раззаков көчөсүндө, Токтогул жана Киев көчөлөрүнүн кесилиши;
  • Октябрь районундагы жарманке 12-кичи райондо Нуркамал Жетикашкаева жана Аалы Токомбаев атындагы көчөлөрдүн кесилиши;
  • Свердлов районундагы жарманке Чыгыш-5 кичи районунда Төрөкул Айтматов жана Токтогул көчөсүнүн кесилиши;
  • Ленин районундагы жарманке Бакаев (мурдагы Чапаев) жана Айни көчөлөрүнүн кесилиши.
Unknown Author