SerepTV Logo

Бишкекте Айт намаз эски аянтта окулбай турган болду

Бишкекте Айт намаз эски аянтта окулбай турган болду
Бишкектин эски аянтында Айт намазы окулбайт. Бул тууралуу мэриядан билдиришти. Маалыматка караганда, мындай чечимди Мусулмандар дин башкармалыгы өлкөдөгү эпидемиологиялык кырдаалдан улам кабыл алган. "Айт намаз муфтият белгилеген мечиттерде гана санитардык эрежелерди сактоо менен окулат", — деп айтылат маалыматта. Буга чейин борбор калаанын мэриясы коронавирус кайрадан тездик менен тарап жатканына байланыштуу Айт намаздын эски аянтта окулушуна чектөө киргизүүнү сунуштаган эле.