SerepTV Logo

Бишкекте адам өлтүрүүгө шектелген жаран кармалды

Бишкекте адам өлтүрүүгө шектелген жаран кармалды
Бишкек шаарында адам өлтүргөн шектүү кармалды, деп билдирди Ленин РИИБдин басма сөз кызматы. Адамдын сөөгү табылганы тууралуу маалымат милицияга 31-январда саат 20:00 чамасында түшкөн. Айтылган дарекке барган Ленин РИИБдин ыкчам тобу күч колдонулган белгилер бар эркек кишинин жансыз денесин табышкан. Төш тарабы жабыркаган маркум 1974-жылы туулган Н.Т. экени белгилүү болду. Жазык кодексинин 130-беренеси (адам өлтүрүү) менен иш козголуп, ыкчам иштердин жыйынтыгында Ленин РИИБ, Бишкек ШИИБ жана ИИМдин кызматкерлери шектүүнү кармаган. 1973-жылы туулган Г.А. камакка алынып, тергөө иштери уланып жатат.
edita