Бишкекте абанын сапатын өлчөөчү электрондук картанын бет ачары болуп өттү
Бүгүн, 18-мартта Бишкекте абанын сапатын өлчөөчү электрондук картанын бет ачары болуп өттү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалымат караганда, ӨКМ тарабынан Бишкек шаарындагы көчөлөргө жана шаардын чет жакасындагы айылдарга абанын булгануусун ченей турган 50 датчик орнотулууда. Жабдыктар Азия өнүктүрүү банкы тарабынан каржыланды.
Иш-чарага өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев жана АБРдин Кыргызстандагы атайын өкүлчүлүгүнүн жетекчиси Канокпан Лао-Арая, Алматы-Бишкек экономикалык коридорунан өкүлдөр катышты.
Эми абанын булгануусуна кызыкдар болгон ар бир жаран Кыргызгидрометтин жана Алматы-Бишкек экономикалык коридору программасынын (https://openmap.clarity.io/) сайттарынан Бишкек шаарындагы абанын булгануу көрсөткүчүн каалаган учурда көрө алат.