Бишкекте күндүзгү стационарлар даярдалган, бирок азыр ачылбайт. Бул тууралуу Бишкек шаардык саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Бактыгүл Исмаилова билдирди. Анын айтымында, Бишкектеги күндүзгү стацонарларды мэрия алдын ала даярдап койгон. Стационарлар эгерде ачуу зарылдыгы жаралса же Республикалык штаб тарабынан атайын чечими чыкса гана ачылат. Ошондой эле ал коронавирусту дарылоонун 5-протоколу боюнча амбулатордук түрдө дарыланып жаткандарга таблеткалар гана берилерин билдирди. “Ийне саюу процедуралары стационардык шартта жүргүзүлүшү зарыл”, - деди ал.