Бишкекте 8-майда аскердик парад өтөт
8-майда Бишкектин "Ала-Тоо" аянтында Улуу Ата Мекендик согуштагы жеңиштин 80 жылдыгына карата аскердик парад өтөт. Бул тууралуу жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду.
Парад Куралдуу күчтөрдүн жана башка аскердик түзүлүштөрдүн өздүк курамынын, курал-жарактарынын жана аскердик техникасынын катышуусунда болот.
Парадды даярдоо жана өткөрүү Коргоо министрлигине жүктөлдү. Иш-чараны уюштурууга мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары көмөк көрсөтүшү керек.