Бишкекте 8 айлык наристеден коронавирус аныкталды
Коронавирус аныкталган адамдар менен байланышта болгондордун ичинен кечээ, 30-мартта 8 айлык наристеден COVID-19 чыкты. Наристе илдетти эжесинен жуктурган. Бул тууралуу бүгүн, 31-мартта Бишкек шаарынын Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун жетекчисинин орун басары Айнагүл Рыскулбекова билдирди.
Анын айтымында, наристенин эжесинен коронавирус 25-мартта тастыкталган.
«Наристеден оорунун клиникалык белгилери байкалгандан кийин медициналык текшерүү жүргүзүлгөн. Анын ПЧР-анализи оң жыйынтык көрсөткөн. Наристенин абалы канааттандырарлык, ал үйүндө дарыланууда»,- деди Рыскулбекова.