SerepTV Logo

Бишкекте 74 жаштагы пенсионер Досумбай Дүйшалиев Өкмөт үйүнүн жанында мөөнөтсүз ачкачылык жарыялады

Бишкекте 74 жаштагы пенсионер Досумбай Дүйшалиев Өкмөт үйүнүн жанында мөөнөтсүз ачкачылык жарыялады
Бишкекте 74 жаштагы пенсионер Досумбай Дүйшалиев Өкмөт үйүнүн жанында мөөнөтсүз ачкачылык жарыялады. Карыя Ысык-Көл районунун Өрнөк айылында жашайт жана Ынтымак айыл чарба холдингинин жоюу комиссиясынын экс-төрагасы. Ал жаңы ачылган жагдайлардын негизинде ага карата козголгон No75-03-19 кылмыш ишин кароону талап кылат. “Эгерде мен акция учурунда өлүп калсам, анда жоопкерчилик президенттин мойнунда болот.  Ошондуктан, менин арызымды кабыл алып, чара көрүңүз”, - дейт Досумбай Дүйшалиев. Октябрь райондук соту 2020-жылдын 19-февралында жаңы ачылган жагдайларга байланыштуу ишти кароодон баш тартканы белгилүү болду.
Unknown Author