SerepTV Logo

Бишкекте 62 жаштагы Кенжебү Кулматова дайынсыз болуп жатат

Бишкекте 62 жаштагы Кенжебү Кулматова дайынсыз болуп жатат
Бишкекте Кенжебү Кулматова дайынсыз болуп, изделип жатат. Бул тууралуу Ленин РИИБден билдиришти. Маалыматка караганда, милицияга 14-майда анын кызы кайрылып, 1963-жылы туулган апасы ошол эле күнү саат 07:30 чамасында үйүнөн чыккан бойдон кайтып барбаганын билдирген. "Үйдө кийген кийими менен чыгып кеткен. Психикалык жактан жабыркайт. Эс-тутуму начар",- деп айтылат маалыматта. Кимде-ким сүрөттөгү жаранды көргөн болсо, (0312) 35-29-47, (0312) 35-26-05, 0 777 229 810 номурларына чалсаңар болот.