Бишкекте 56 жаштагы Владимир Волошин дайынсыз болууда
Бишкекте 56 жаштагы Владимир Волошин дайынсыз болуп жатат. Бул тууралуу ИИМден билдиришти.
Маалыматка караганда, акыркы жолу ал туугандары менен 2021-жылдын 21-июлунда байланышкан. Ал жоголгонго чейин Полевой көчөсү №8 дарегинде жашачу.
Белгилери: бою 185-190 сантиметр, орто дене түзүлүштө. Изделип жаткан адам тууралуу маалыматы барларды 0555230490, 0755074720 телефон номерлери аркылуу кабарлап коюуну суранышат.