Бишкекте 42 жаштагы окумуштуу Шерик Рыскулов коронавирустан каза болду
Кечээ, 29-июнда Бишкекте 42 жаштагы илимпоз Шерик Рыскулов коронавирустан каза болду. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, Шерик Рыскулов юридикалык-окумуштуу, юридикалык илимдердин кандидаты, Улуттук илимдер академиясынын жана КРСУнун кандидаттык жана докторлук диссертацияларын коргоо боюнча Диссертациялык кеңештин мүчөсү, юстициянын 3-класстагы кеңешчиси болгон.
Ал 1979-жылы 23-ноябрда Чүй облусунда туулган.