Бишкекте 4 жаштагы кыздын буту батареяга кыпчылып калган
Бишкекте 4 жашар кыз куткарылды. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.
Маалыматка караганда, 12-кичи районунда жайгашкан көп кабаттуу турак үйүдүн батирлердин биринин жылуулук берүүчү батареясына 2017-жылы туулган кыздын буту кыпчылып калган.
Жерине Бишкек шаардык куткаруу кызматынан 5 куткаруучусу тартылып, кыздын кыпчылып калган бутун чыгарып беришкен. Балага медициналык жардамдын муктаждыгы жок.