Бишкекте костюм-шым кийип, галстук тагынып алган киши Ак Үйгө кирип, президент болууга аракет кылды (видео)
Бишкекте 35 жаштагы киши кечээ, 18-майда президент болуу үчүн Ак Үйгө кирүүгө аракет кылган. Окуянын видеосун "Короче" Телеграм-каналы жарыялаган.
Маалыматка караганда, окуя болгон жерге келген Тез жардам кызматынын кызматкерлери тарабынан анын республикалык психикалык борборунда каттоодо тургандыгын аныкташкан. Ал Ак Үйгө костюм-шым кийип, галстук тагынып келген. Жардамга муктаж болгон адам жогоруда аталган борборго жаткырылды.
[video width="400" height="400" mp4="https://serep.kg/wp-content/uploads/2021/05/t_video5271759437407718491.mp4"][/video]