SerepTV Logo

Бишкекте +33 градус. 5-майга карата өлкөдөгү аба ырайы

Бишкекте +33 градус. 5-майга карата өлкөдөгү аба ырайы
Эртең, 5-майда түнкүсүн жаан-чачын болбойт. Күндүз Ош жана Баткен облустарынын кээ бир аймактарында жаан жаап, бийик тоолуу райондордо кар жаайт. Башка аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы: Чүй облусунда түнкүсүн +12…+17, күндүз +29…+34; Талас облусунда түнкүсүн +7…+12, күндүз +26…+31; Баткен облусунда түнкүсүн +13…+18, күндүз +28…+33; Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +13…+18, күндүз +28…+33; Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +5…+10, күндүз +19…+24; Нарын облусунда түнкүсүн +4…+9, күндүз +23…+28; Бишкек шаарында жаан-чачын болбойт. Абанын температурасы түнкүсүн +13…+15 градус, күндүз +31…+33 градуска жетет.