SerepTV Logo

Бишкекте 31 жаштагы Шермат уулу Темирбек 2 жумадан бери дайынсыз болуп жатат

Бишкекте 31 жаштагы Шермат уулу Темирбек 2 жумадан бери дайынсыз болуп жатат
Ленин РИИБдин кызматкерлери тарабынан дээрлик 2 жумадан бери дайынсыз болуп жаткан Шермат уулу Темирбек изделип жатат. Бул тууралуу аталган РИИБден билдиришти. Маалыматка караганда, 18-июлда Бишкектеги Ленин РИИБге шаар тургуну кайрылып, уулун - 1990-жылы туулган Шермат уулу Темирбекти таап берүүнү өтүнгөн. Маалыматка караганда, ал 15-июлда болжол менен саат 11:00дө Бишкектеги Лесхозный көчөсүндө жайгашкан үйүнөн чыккан боюнча кайрылып барган эмес. Белгилери: бою 180-185 см, арык дене түзүлүштө, чачы кара, көзү күрөң, мурду кырдач. Кийген кийими: Кара футболка, кара спорттук шым, бутунда кызыл шлепка. Шермат уулу Темирбек Республикалык психикалык саламаттык борборунда каттоодо турат. Жаранды көргөн-билгендер төмөнкү номурларга кабарласа болот. 0 (312) 352-605, 0 (312) 444- 457, 0 (312) 352-632, 0 (553) 102-880, 0 (773) 909-465, 0 (551) 088-330, 0 (701) 644-403, 0 (500) 032-000 жана "102".