Бишкекте 30га жакын жаштар митингге чыгышты. Алар Абхазиядан келген унааларды текшерүүгө нааразы
Бүгүн, 19-мартта Бишкектеги Ала-Тоо аянтына 30га жакын жаштар чогулушту.
Митингге чыккандардын айтымында, патрулчулар Бажы кызматынын өкүлдөрү менен биргеликте бажыдан өтпөй калган Абхазиядан келген унааларды текшерип, айып пул салып унаа токтуучу жайга алып кетип жатышкандарына нааразы.
Ошондой эле чогулгандар бажыдан өтпөй калган ал Абхазиянын унааларын мыйзамдаштыруу жолун көрсөтүп берүүнү жана унааларды бажыдан өткөрүү үчүн баалардын төмөндөтүүнү талап кылышууда.
Бул үчүн алар өкмөткө жамааттык кайрылуу жазууну да көздөп жатышат.