Бишкекте 3 миң сомдон көмүр саткан кошумча кампа ачылды. Дареги
Бишкек шаарынын Дэн Сяопин, 306/2А дарегинде кошумча көмүр сатуучу кампа ачылды. Бул жерден да көмүрдүн бир тоннасын 3 миң сомго сатып алууга болот. Бул тууралуу "Кыргыз көмүр" ишканасынан билдиришти.
Кечээ, 16-ноябрда Мурманский көчөсү, 1Б/1 дарегинде сатылып баштаган, бирок калк тарабынан көмүр сатып алуу суроо-талабы жогору болгондуктан, кошумча дагы бир кампа ачылды.
Маалыматка караганда, азырынча чектөө бар. Тактап айтканда, бир үй-бүлө 2 тоннадан гана ала алат.