SerepTV Logo

Бишкекте 25 бала бакча карантинге жабылды

Бишкекте 25 бала бакча карантинге жабылды
Бишкекте 25 бала бакча карантинге жабылды, деп билдирди Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинин эпидемиология бөлүмүнүн башчысы Динара Оторбаева. Анын айтымында, өткөн аптага салыштырмалуу ооругандардын саны 2 эсеге көбөйгөн. Ооругандардын 70%дан ашыгы — 14 жашка чейинки балдар. Ошондой эле Ысык-Ата районунда дагы 36 бала бакча карантинге жабылган. Бишкек мэриясы бүгүн шаарда карантин тууралуу чечимдер жер-жерлерде гана кабыл алынарын билдирди.