SerepTV Logo

Бишкекте 22 жаштагы Азиза дүкөндөн чыккан бойдон дайынсыз болууда

Бишкекте 22 жаштагы Азиза дүкөндөн чыккан бойдон дайынсыз болууда

Бишкекте 22 жаштагы Темирбек кызы Азиза дайынсыз болууда. Бул тууралуу Биринчи Май РИИБден билдиришти.

Кечээ, 14-сентябрда аталган райондук милиция бөлүмүнө аял киши арыз менен кайрылып, 1999-жылы туулган кызы Темирбек кызы Азиза дайынсыз болуп жатканын билдирген. Ал ошол эле күнү саат 14:00дө "Башмачок" дүкөнүнөн чыккан бойдон үйүнө кайтып барган эмес. Учурда кызды издөө иштери жүрүп жатат.