SerepTV Logo

Бишкекте 21 жаштагы психикалык жактан оорулуу кыз изделүүдө

Бишкекте 21 жаштагы психикалык жактан оорулуу кыз изделүүдө
Бишкекте дайынсыз жоголгон 21 жаштагы Айжан Юлдашева изделүүдө. Ал 19-январда саат 23:20да Алтай көчөсүндө жайгашкан үйүнөн чыгып кетип, кайтып келген эмес. Биринчи Май РИИБден билдиришкендей, телефону үйдө калган. Кыз психикалык жактан оорулуу. Анын үстүндө көгүш куртка, күрөң жоолук, кара шым болгон. Бою 160-165 сантиметр. "Жоголгон кыздын жүргөн жери боюнча кандайдыр бир маалыматыңыз болсо, 0 (702) 75-53-55 номуруна чалсаңар болот", - деп айтылат маалыматта.