SerepTV Logo

Бишкекте 21 жаштагы кыз бир жылдан бери дайынсыз

Бишкекте 21 жаштагы кыз бир жылдан бери дайынсыз
Бишкек шаардык Ленин райондук милиция кызматкерлери тарабынан Калеева Калия Замирбековнанын жүргөн жерин аныктоо боюнча издөө иш-чаралары жүргүзүлүп жатат. Бул тууралуу райондук милициянын басма сөз кызматынан билдиришти. Маалыматка ылайык, 2020-жылы 14-октябрда борбор шаардын жашоочусу арыз менен кайрылып, анын 2000-жылы туулган кызын издөөгө жардам берүүнү өтүнгөн. Ал 2020-жылы 19-сентябрда “Ала-Тоо” конушундагы үчүнөн чыгып кеткен бойдон кайрылып келген эмес. Азыркы учурда жоголгон кыздын жүргөн жери белгисиз. Белгилери: бою болжол менен 173-175 сантиметр, чачы кара, көзү күрөң, мурду түз. “Эгер сиздер жоголгон кыз тууралуу кандайдыр бир маалымат билсеңиздер төмөнкү номерлер аркылуу кабарлап коюуну суранабыз: 0 (312) 352-605, 0 (312) 444- 457, 0 (312) 352-632, 0 (553) 102-465, 0 (703) 401-600,0 (705) 450-553, 0 (553) 102-880) жана 102”, - деп айтылат маалыматта.
Unknown Author