SerepTV Logo

Бишкекте 20 жаштагы жигитке бычак сайылган. Шектүү кармалды

Бишкекте 20 жаштагы жигитке бычак сайылган. Шектүү кармалды
Бишкекте бейбаштыкка шектүү кармалды. Бул тууралуу Биринчи Май РИИБден билдиришти. 29-декабрь күнү “102” кызматына Ахунбаев көчөсүндө жайгашкан кафелердин биринде 20 жаштагы бала бычактан жаракат алганы тууралуу маалымат түшкөн. Ыкчам-тергөө тобу барган учурда маалымат тастыкталган. Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 280-беренеси (бейбаштык) менен кылмыш иши козголду. Тергөө иштеринин жүрүшүндө, шектүү катары 1998-жылы туулган жаран аныкталып, Тергөө кызматына жетирилип, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.