SerepTV Logo

Бишкекте 19 миңден ашуун адам коронавируска каршы эмдөөдөн өттү

Бишкекте 19 миңден ашуун адам коронавируска каршы эмдөөдөн өттү
Бишкекте жалпы 19 миң 166 адам коронавируска каршы эмдөөдөн өттү, анын ичинен 6 миң 266 адам вакцинанын экинчи дозасын алды. Бул тууралуу шаардын Саламаттыкты сактоо башкармалыгынын бөлүм башчысы Бакытбүбү Шамырканова билдирди. Шамырканова шаардагы эмдөө жайларын тизмектеп кетти. - Биринчи май районундагы №14, №16 үй-бүлөлүк медицина борбору; - Ленин районундагы №2, №17 үй-бүлөлүк медицина борбору; - Свердлов районундагы №4, №8, №9 үй-бүлөлүк медицина борбору; - Октябрь районундагы №15, №19 үй-бүлөлүк медицина борбору. Ошондой эле Калыс-Ордо, Учкун, Ак-Бата, Бакай-Ата, Ак-Босого конуштарындагы дарыгерлер амбулаторияларында эмдөө жүргүзүүлүүдө. Орусиядан келген “Спутник V” вакцинасынын экинчи дозасын саюу төмөнкү жерлерде жүрүүдө; - Октябрь райондук Үй-бүлөлүк бириккен дарыгерлер борбору; - Ленин районундагы №2 үй-бүлөлүк медицина борбору; - Биринчи май районундагы №7 үй-бүлөлүк медицина борбору; - Свердлов районундагы №8 үй-бүлөлүк медицина борбору. Мындан сырткары, 19-марттан тарта саат 15:00дөн 23:00гө чейин Бишкек шаардык студенттик бейтапканасында, №8, №14, №18 үй-бүлөлүк медицина борборунда кечки эмдөө жүрүүдө.
Unknown Author