SerepTV Logo

Бишкекте 18 жаштагы Айжамал Нурланова бир айдан бери изделип жатат

Бишкекте 18 жаштагы Айжамал Нурланова бир айдан бери изделип жатат
Жакындары 18 жаштагы Айжамал Нурланованы издеп жатышат. Алардын айтымында, кыз 22-октябрда саат 10:00дө Кызыл-Аскердеги үйүнөн чыккан бойдон кайтып барган эмес. Белгилери: бою 160-165 сантиметр, чачы кыска жана кара түстө. Бир кашында так бар. Кийген кийими: боз түстөгү куртка, кара толстовка, көк түстөгү жынсы. Көргөндөр болсо, (0508) 191 983 жана (0705) 300 707 номурларына кайрылса болот.