SerepTV Logo

Бишкекте 17 жаштагы Жанетта Бекова дайынсыз болуп жатат

Бишкекте 17 жаштагы Жанетта Бекова дайынсыз болуп жатат
Бишкекте 17 жаштагы Жанетта Бекова дайынсыз болуп, изделип жатат. Бул тууралуу Биринчи Май РИИБден билдиришти. 22-октябрь күнү Биринчи май РИИБге жаран кайрылып, 2007-жылы туулган карындашы Жанетта Бекованы издөөгө көмөк көрсөтүүнү суранган. Ал ошол эле күнү түнкү саат 2:00 чамасында Фучик көчөсүндө жайгашкан үйүнөн чыгып кеткен боюнча азыркы күнгө чейин жүргөн жери белгисиз болууда. Кимде-ким сүрөттөгү жаранды көрсө, 0(312) 56-60-43, 0(312) 56-32-48, 0(553) 10-21-23 номурларына чалсаңар болот.