Бишкекте "Мыйзамдуулук үчүн" жөө жүрүшү болуп өттү
Бүгүн, 28-февралда Бишкек шаарында жарандык коомчулук уюштурган кезектеги жөө жүрүш болуп өттү. 17-ирет өтүп жаткан тынчтык маршында өлкөдө мыйзамдуулук орносун деген жана башка талаптар коюлду.
Чогулган 20 чакты жарандык активист темир жол бекетинен "Ала-Тоо" аянтына чейин чакырыктарын жасап басып келишти. Чогулгандардын арасынан кагазга жазылган "Коркпо! Жакшы жашоону талап кыл" деген өңдүү жазууларды да көрүүгө болот.
"Баштан башта" кыймылынын "Мыйзамдуулук үчүн!" тынчтык марштары 2020-жылдын ноябрь айынан бери ар жекшемби уюштурулуп келе жатат.
Жөө жүрүштү толугу менен шилтеме аркылуу көрө аласыз.