Бишкекте 14 окуучу жана 7 мугалим коронавирус менен ооруп калышты
Бишкекте 1-апрелде 105 миң бала окуусун мектепте улантты. Бул тууралуу бүгүн, 2-апрелде мэриянын билим берүү башкармалыгынын жетекчиси Элмира Иманалиева билдирди.
Анын айтымында, 14 окуучу жана 7 мугалим коронавирус жуктуруп алып, учурда дарыланып жатышат. Андан тышкары, 3 496 окуучу жана 51 мугалим курч респиратордук вирустук инфекция менен ооруп калышкан.
"Көңүл бөлө турган нерсе, окуучулардын мектеп формасын кийүүсү милдеттүү эмес, бирок алар таза, тыкан келиши керек", - деп билдирди башкармалык жетекчиси.
Эскерте кетсек, учурда 1-5, 9, 11-класстын окуучулары мектепке барып окуп жатышат. 6, 7, 8, 10-класстар 4-чейректе билим алууну онлайн улантышты.
Иманалиева балдарын мектепке жөнөтүүдөн корккон ата-энелер үйдөн окутам деп арыз жазса боло турганын эскертти. 1-апрелге карата мындай арыз 1 миң 237 окуучунун ата-энесинен түшкөн.