SerepTV Logo

Бишкекте 14 жаштагы өспүрүм изделип жатат

Бишкекте 14 жаштагы өспүрүм изделип жатат
Бишкекте 14 жаштагы Рафаэль Исаков изделип жатат. Бул тууралуу Коомдук коопсуздук кеңешинен билдиришти. Маалыматка караганда, ал 21-мартта болжол менен саат 20:00дө Бакаев көчөсүндө жайгашкан үйүнөн чыгып кеткен бойдон кайрылып барган эмес. Ал кара куртка, кара шым, толстовка жана ак-кара өңдөгү бут кийим кийип жүргөн. Мойнунда күмүш түстөгү бир нече чынжырчалары бар. Бою 162-165 см, арык дене түзүлүштө, чачы узун кара жана көкүлү бар. Рафаэль Исаковду көргөндөр болсо, 0555230490, 0755074720 номурлары аркылуу байланышып, маалымат берсеңиздер болот.