
Борбор калаада 14-февраль күнү саат 12:00дө Темир жол вокзалынын жанында (Бөкөнбаев/Эркиндик) иликтөөчү журналист
Али Токтакунов баштаган коррупцияга каршы митинг өткөрүү пландалып жатат. Бул тууралуу
Токтакунов Фейсбук социалдык тармактагы баракчасына жазды.
Маалыматка ылайык, митинг
Райым Матраимов боюнча чыккан соттун чечимине нааразычылык ирээтинде өтөт, жана
Али Токтакунов бул митингге коррупцияга каршы, бийликтин адилетсиздигине нааразы болуп жаткан жарандардын баарын чакырууда.
Белгилей кетсек, кечээ 11-февралда күнү Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту
Райымбек Матраимовду айыптуу деп таап, тергөө менен кызматташканынын негизинде ага 260 миң сомдук айып пул салган. Мындан улам Матраимовдун мыйзамсыз иштери боюнча иликтөөлөрдү жүргүзүп келген журналист Али Токтакунов соттун чечимине нааразы экенин айтып, билдирүү тараткан. Анда ал Матраимовго салынган бул 260 миң сом айып пул анын аялынын бир көйнөгүнүн эле баасы экенин айткан болчу.