Бишкекте 13-14-март күндөрү азык-түлүк жарманкеси өтөт
Бишкекте 13-14-март күндөрү айыл чарба азыктарынын жарманкеси болот. Бул тууралуу Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.
Жарманкелер Биринчи май районунда Раззаков көчөсүнүн Токтогул жана Киев көчөлөрүнүн чектешкен аймагында, Октябрь районунда 12-кичи райондогу Жетикашкаева жана Токомбаев көчөлөрүнүн кесилишкен бөлүгүндө, Свердлов районунда Төрөкул Айтматов жана Токтогул көчөлөрүнүн кесилишинде (Чыгыш-5 кичи району өтөт.
Азык-түлүккө болгон баа:
- уй эти — 390-405 сом;
- жылкы эти — 380-390;
- кой эти — 400-405;
- тоок эти — 200-210;
- өсүмдүк майы — 130-132;
- тооктун жумурткасы (10 даана) — 75-85;
- үй жумурткасы (10 даана) — 90-95;
- кумшекер — 56;
- күрүч — 55-60;
- алма — 30-50;
- сабиз — 10-15;
- картошка — 22-27;
- пияз — 14-16.