Бишкекте 100 балага ылайыкталган жаңы бала бакча ачылды
Борбор калаанын Тыныстанов көчөсүндөгү мурунку Салык кызматынын өрттөнүп кеткен имаратынын ордуна курулган №11 бакча бакчанын курулушу бүтүп, толук кандуу ишке киришти. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэриясынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, аталган бала бакчанын аянты 1216 чарчы метрди түзөт. Бул жерде төрт топтук ячейка бар: 2 жаш, 1 орто жана 1 улуу топ. Жалпысынан балдар мекемеси 100 орунга ылайыкташкан.
Анда балдар үчүн ойноочу жана уктоочу бөлмөлөр, музыкалык, спорттук залдар жана дааратканалар каралган. Биринчи кабатта кир жууган, азык-түлүк сактаган жана техникалык жай жайгашкан.
Ощондой бул мекеменин курулушуна шаардык бюджеттен 35 млн сом бөлүнүп, курулуш иштерин мэриянын капиталдык курулуш башкармалыгынын арызы боюнча «Эм Эс Билдинг» компаниясы жүргүзгөн.
Ал эми бала бакчанын ачылыш аземи кечээ, 25-февралда өтүп, ага педагогдор, Бишкек шаарынын ардактуу жараны Лидия Каткова, Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы Жаныбек Абиров, вице-мэрлер Айжан Чыныбаева, Жамалбек Ырсалиев, Биринчи май районунун акими Максат Нусубалиев барышкан.