SerepTV Logo

Бишкекте бир ай мурда эркек кишинин жансыз денеси табылган. Милиция анын тек-жайын тактоого жардам сурайт

Бишкекте бир ай мурда эркек кишинин жансыз денеси табылган. Милиция анын тек-жайын тактоого жардам сурайт
Милиция каза болгон жарандын тек-жайын тактоого жардам сурайт. Бул тууралуу Ленин РИИБден билдиришти. Маалыматка караганда, ушул жылдын 6-августунда Бишкек шаарынын Айни көчөсүндөгү үйлөрдүн жанынан 30-35 жаш чамаларындагы эркек кишинин жансыз денеси табылган. Денени кароо учурунда зомбулуктун белгилери байкалган эмес. Бул факты Ленин РИИБге катталган. Белгилери: бою 170-175 сантиметр, орто дене түзүлүштө, мурду кырдач, чачтары кара жана кыска. Кийген кийими: боз чийиктери бар кара футболка, кара спорттук шым, бутунда көк шлепанцы. Кимде ким, сүрөттөгү жаранды таанып-билсе, (312) 352-605, 0 (705) 450-553, 0 (553) 102-465 жана 102 номурларына байланышсаңыздар болот.
 
Посмотреть эту публикацию в Instagram
 

Публикация от УВД Ленинского района г.Бишкек (@uvdleninsky312)