Бишкекте 1-апрелден тарта балдар аянтчалары кайра жабылат
Бишкекте 1-апрелден тарта соода борборлорундагы балдар аянтчалары жабылат. Бул тууралуу вице-мэр Айжан Чыныбаева 30-мартта өткөн маалымат жыйында билдирди.
Анын айтымында, бул убактылуу чара - аянтчалар 2 жумага жабылат. Андан аркысы шаардагы эпидемиологиялык кырдаалга жараша болот.
Вице-мэр акыркы 3 күндөн бери соода борборлорунда рейд жүрүп жатканын билдирди.