Бишкекке миңге жакын автобус жана троллейбус талап кылынат
Бишкекке Өзбекстандан Isuzu автобустарынын биринчи партиясы - 50 автобус келди. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу Бактыбек Кудайбергенов "Биринчи радионун" эфиринде билдирди.
Ал буга чейин коомдук транспорт боюнча кырдаал кыйын болуп, кичи автобустардын айдоочулары иш таштаганын эскерди. «Мындай кырдаал бүгүн эле пайда боло калган жок. Жылдар бою чогулуп келген», - деди ал. Анын айтымында, Бишкекте 100гө жакын автобус жана 140 троллейбус бар. "Бул аябай аз. Коомдук транспорт менен толук камсыз кылуу үчүн 1000ге жакын автобус жана троллейбус талап кылынат», - деди Кудайбергенов.
Мындан тышкары, мэриянын автобусту бюджеттин эсебинен сатып алууга мүмкүнчүлүгү жок болгондуктан инвестиция тартылганын маалымдады.