Бишкекке Кара-Кечеден 1200 тонна көмүр келди
Бишкекке Кара-Кечеден 1200 тонна көмүр келди, ал 3 миң сомдон сатылат. Көмүр Мурманская көчөсүндөгү кампага түшүрүлдү. Бул тууралуу "Кыргыз көмүр" ишканасынын басма сөз катчысы Жийде Зоотбекова маалымдады.
Буга чейин аталган кампада президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы көмүр 3 миң сомдон сатыла баштаган. Кийин өлкө башчысы көмүр ташыгандар саботаж уюштурушканы үчүн көмүрдүн баасы ылдыйлаганын айткан.