SerepTV Logo

Бишкекке газ менен жүрүүчү 350 автобус алып келинет

Бишкекке газ менен жүрүүчү 350 автобус алып келинет
Бишкек шаарына бир жылдын ичинде газ менен жүргөн 350 экоавтобус алынып келет. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясы билдирди. Бүгүн, 11-майда мэрияда тиешелүү меморандумга кол коюу аземи өттү. Ага ылайык, «Эко жүргүнчү ташуу» компаниясы Өзбекстанда чыгарылган газ менен жүрүүчү «ISUZU» автобустарын алып келүүгө милдеттенме алды. Автобустардын биринчи партиясы борбор калаага 1-июлга чейин алынып келет.