SerepTV Logo

Бишкекке "Евровидение-2021" сынагынын катышуучусу Манижа Сангин келди

Бишкекке "Евровидение-2021" сынагынын катышуучусу Манижа Сангин келди

Бишкекке "Евровидение-2021" сынагынын катышуучусу Манижа Сангин келди. Бул тууралуу Балдардын укугун коргоочулар лигасынын жетекчиси Назгүл Турдубекова Facebook баракчасына жазып чыкты. 

Анын айтымында, ырчы борборго апасы Нажиба Усманова менен келген. Манижа үй-бүлөлүк зомбулуктун курмандыгы болгон адамдарга жардам берүү үчүн түзүлгөн SILSILA тиркемеси тууралуу айтып берди.

SILSILA - бул баскыч, аны басканда колдонмо автоматтык түрдө тандалган байланыш тизмесине окуя тууралуу маалымат менен шашылыш билдирүү жөнөтөт. Өзүнчө менюда оор кырдаалда колдоо көрсөтө турган жардам борборлору жөнүндө маалымат камтылган.