SerepTV Logo

Бишкекке электробустардын кезектеги партиясы келди

Бишкекке электробустардын кезектеги партиясы келди
Кечээ, 2-июнда Бишкекке 18 электробус келди. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

31-майда борборго 3 электробус, апрель айында 2 электробус алынып келген. Ошентип, Бишкек шаарында жалпы 23 электробус болду. Жалпы 120 электробус келиши керек. 

[gallery link="file" columns="1" size="full" jnewsslider="true" ids="286613,286614"]