SerepTV Logo

Бишкекке быйыл 15 миңдей бак-дарак отургузулат

Бишкекке быйыл 15 миңдей бак-дарак отургузулат
Быйыл борбор калаага жалпы 15 миңдей бак-дарак отургузулат. Бул тууралуу «Бишкек жашыл чарба» муниципалдык мекемесинин жетекчиси Урмат Дербишев маалымат жыйынында билдирди. «1-апрелге карата 6 миңдей бак отургузулду. Ошондой эле планга ылайык, шаарда 3 сквер салынат. Бирөө Жумушчулар шаарчасы кичирайонунда, экинчиси Туңгучта, үчүнчүсү Ак-Босого конушунда болот. Анан дагы 11 миң погондук метр жерде ирригациялык иштер аткарылат. Аны менен бирге 1,5 миллиондон ашык гүл отургузулат. Аны 20-апрелден баштап «Жеңиш» паркына тигип баштайбыз», — деди ал.
Unknown Author