Бишкекти ысык суу жана жылуулук менен камсыздаган ишкананын 20 от казаны кышка даяр
"Бишкек жылуулук энерго" коммуналдык ишканасы от казандарын күз-кыш мезгилине даярдоо иштерин улантууда. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.
От казандарды тазалоо жана оңдоо иштери жүргүзүлүп, насостор, клапандар, электр жабдуулары, приборлор жана автоматика оңдолуп, жаңыланган. Жалпысынан ишкананын балансында 66 откана бар. Коммуналдык ишкана 605 турак үйдү жылуулук менен камсыз кылат. Ишкананын кызматын алган абоненттердин жалпы саны 33 миң 189 адамды түзөт. Ошондой эле 12 саламаттыкты сактоо мекемеси, 40 орто мектеп, 14 бала бакча, 8 жогорку окуу жайы, 25 башка бюджеттик мекемелер жана башка 212 керектөөчүлөр ишкананын кызматын алышат.
[gallery link="file" columns="1" size="full" jnewsslider="true" ids="55456,55457,55458,55459,55460"]