SerepTV Logo

Бишкектеги белгилүү ресторан, кафелерге санитардык эрежелер сакталбаганы үчүн айып салынды

Бишкектеги белгилүү ресторан, кафелерге санитардык эрежелер сакталбаганы үчүн айып салынды
Борбор калаадагы эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу Бишкек мэриясынын санитардык-экологиялык инспекциясы коомдук тамактануу пункттарында, кафе жана ресторандарда санитардык ченемдердин сакталышын көзөмөлдөө максатында рейддик иш-чаралар улантууда. Муниципалитеттен билдиришкендей, бир жуманын ичинде инспекторлор 130дан ашуун ишкердик субъектилерине барып, алар санитардык-эпидемиологиялык нормаларды канчалык деңгээлде аткарып жаткандыгын текшеришти. «Бузуулар жөнүндө» кодекстин 293-беренеси боюнча ыйгарым укуктуу органынын буйругун аткарбаганы же талаптагыдай эмес аткаргандыгы үчүн мыйзам бузуучуларга карата 8 протокол түзүлдү. Эрежелерди “Дуюм Кебаб”, “Асман”, “Палаццо”, “Saltanat Palace”, “Мараш Кебаб” кафе-ресторандары, “Плаза Восток” караоке-бары, “Грим Студио” фотостудиясы жана “Gamer” оюн клубу бузган”, - деп айтылат билдирүүдө. Белгилей кетсек, бул берене боюнча жеке адамдарга - 3 миң сом, юридикалык жактарга - 13 миң сом айып пул салынат. Өз кезегинде, жыл башынан бери 104 рейд жүргүзүлүп, 764 ишкердик субъектиси текшерилип, 110 миң сом суммасында 20 протокол түзүлдү: - Ленин району боюнча - 25 рейд жүргүзүлдү, 175 ишкердик субъектиси текшерилип, суммасы 31 миң сомго 7 протокол түзүлгөн; - Октябрь районунда - 25 рейд жүргүзүлдү, 184 ишкердик субъектиси текшерилип, суммасы 34 миң сомго 8 протокол түзүлгөн; - Биринчи Май району боюнча - 32 рейд, 244 ишкердик субъектиси текшерилип, суммасы 16 миң сомго 2 протокол түзүлдү; - Свердлов району боюнча - 22 рейд, 161 ишкердик субъектиси текшерилип, суммасы 29 миң сомго 3 протокол түзүлгөн. [gallery link="file" columns="1" size="full" jnewsslider="true" ids="55171,55172,55173"]
Unknown Author