SerepTV Logo

Бишкек ШИИБдин башчысы мектепте сабалып, кийин ооруканада каза болгон Аннастын ата-энеси менен жолугушту  

Бишкек ШИИБдин башчысы мектепте сабалып, кийин ооруканада каза болгон Аннастын ата-энеси менен жолугушту  
Бүгүн, 13-февралда борбордук милициянын башчысы Азамат Токтоналиев 4-февраль күнү медициналык мекемеде көз жумган Аннастын ата-энеси менен жолугушту. Бул тууралуу Бишкек ШИИБдин басма сөз кызматы билдирди. "Бишкек шаарынын ички иштер башкы башкармалыгынын жетекчилиги баланын ата-энеси тарабынан айтылган бардык арыз-даттанууларын угуп, окуянын бардык жагдайларын тактоо үчүн тергөө иш-чаралары толугу жүрүшү катуу көзөмөлгө алынып, мыйзам бузуулар аныкталса, катуу чаралар көрүлөрүн белгиледи", - деп жазылат билдирүүдө. Козголгон кылмыш иши боюнча тергөө амалдары Бишкек шаарынын ИИББнын Тергөө кызматында каралат. [gallery columns="1" link="file" size="full" jnewsslider="true" ids="273533,273534"]