Бишкек шаарынын өзгөчө тургундары Сочидеги фестивалга барышат
"Үмүт-Надежда" балдарды калыбына келтирүү борборунун окуучулары Руслан Ахмеров жана Лидия Филатова Сочи шаарында өтө турган мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын фестивалына барат. Бул тууралуу Бишкек мэриясынан билдиришти.
Ленин районунун башчысы Мелис Өскөмбаев эл аралык фестивалга Кыргызстандын атынан катышууга мүмкүнчүлүк алган жаш шаардыктарды кабыл алган. Руслан майыптардын коляскасында бий даярдап, Лидия ырдайт. Аким балдарга ийгилик каалап эл аралык фестивалга жолдомо алгандыгы үчүн сертификаттарды тапшырды.